Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын 10 пайызы гана кайра иштетилет
Бишкекте бүгүн, 11-декабрда “Инвестициялык жеңилдиктер.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбалары” аттуу конференция өтүп жатат. Анда
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев “Кыргызстанда өндүрүлгөн
продукциянын 10 пайызы гана кайра иштетилет” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында, айыл чарбалык
өлкө үчүн бул көрсөткүч Кыргызстандын
өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Мындан сырткары Өкмөт акыркы жылдары өнөр
жайды кайра иштетүүгө көп көңүл буруп жаткандыгын кошумчалап, Кыргызстан өздүк
продукциясын кайра иштетүүчү өлкө болоруна ишеним артты.
Аталган конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандан каржы жана экономика тармагындагы адистер катышууда. Иш-чара инвестиция тартуу тармагындагы маселелерди жөнгө салууга өбөлгө түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

