Лионель Месси үй-бүлөсү жана 15 чемоданы менен Барселонага келди
Атактуу футболчу Лионель Месси 22-апрель күнү үй-бүлөсү жана 15 чемоданы менен Барселона шаарына келди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Месси үй-бүлөсү жана жардамчылары менен "Эль Прат" аэропортуна конгон. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн качып, аэропортту жашыруун таштап кеткен.
Месси жакын арада мурда "Барселонада" ойногон командалаштары менен жолугушу мүмкүн.
"ПСЖ" клубу буга чейин футболчуларына 25-апрелге чейин эс алуу берген. Ал эми Мессинин Барселонага жакын Кастелдефельсте үйү бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.