super.kg logo

Бишкекте жаш балдар уурдалып жатабы? Милиция билдирүү таратты

 

Социалдык тармактарда "Бишкектеги Маевка жана Пригородное айылдарында жаш балдар уурдалып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 21-апрелде социалдык түйүндөрдө машинедеги кишилер Mazda Premacy үлгүсүндөгү унааны кууп бара жаткан видео тараган. Видеодо алар Mazda Premacy унаасынын айдоочусу Пригородное айылындагы Үмүт жаңы конушунан жаш баланы уурдаганын айтышкан.

Андан кийин алар ушул эле унаа Маевка айылында жаш кызды дагы уурдаганын билдиришкен.

Өз кезегинде Чүй ОИИББи бул маалымат чындыкка дал келбээрин билдирди. Облустук милиция бул видео боюнча текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө Mazda Premacy унаасынын айдоочусу дагы аныкталган. Ал 1982-жылы туулган А.Т. аттуу жаран болгон.

Ал ошол күнү Үмүт жаңы конушуна досторун жеткирип барган. Андан кийин анын унаасына белгисиз адамдар келип, эшигин ачууга аракет кылганда ал унаасын айдап качкан. Ал эми видеону тарткан адамдар эмне үчүн анын артынан сая түшкөнү белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: