super.kg logo

Министрлик билим берүү уюмдарынын коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды 

 

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана административдик кызматкерлеринин коопсуздук чараларын күчөтүү максатында буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдардын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

  • Билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын жана кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;
  • Билим берүү уюмдардын корголушунун абалын текшерүү, педагогикалык жамааттарда түшүндүрүү иштерин уюштуруу, мыйзамга баш ийген жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттарды, лекцияларды, ата-энелердин чогулуштарын өткөрүү;

  • Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу;

  • Билим берүү уюмдарга жарандарды жана автотранспортту өткөрүү режимине контролду күчөтүү;

  • Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда кабарлоо жана эвакуациялоо системасын жакшыртуу;

  • Окуучуларды, студенттерди жана педагогикалык кызматкерлерди алгачкы жардамдын базалык көндүмдөрүнө окутууну жүргүзүү;

  • Видеобайкоо камераларынын иштөө жөндөмдүүлүгүн, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын болушун жана оңдугун, кошумча эвакуациялык эшиктердин абалын текшерүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: