super.kg logo

Баткендин чек ара айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

 

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында 225 орундуу орто мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мектеп үчүн айыл өкмөтү тарабынан 1,4 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуучу мектеп 2 кабаттан турат. Мектепти куруу мөөнөтү ушул жылдын апрель–август айлар аралыгы деп белгиленген. Курулуштун тендердик баасы 83,2 миллион сом.

Эскерте кетсек, өткөн жылы чек арада орун алган куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп, пайдаланууга берилген биринчи окуу корпусунун имараты толугу менен талкаланып, калган үч корпусу да зыянга учураган.

Бул мектеп Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан курулуучу, куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган облустагы 15 социалдык имараттын катарына кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: