super.kg logo

Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Эми судьялар кеңешинин макулдугу керек

 

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 доллар өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан.

"Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана оперативдүү-техникалык иш-чаралардын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы такталды. Бул жагдайда соттун аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы жашыруундуулуктун зарыл чараларын сактоо менен алышып, андан кийин алар талап кылынган сумманы судьянын досуна өткөрүп беришкен, андан кийин гана судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан кийин гана акчаны алган", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, бул кылмышка тиешеси бар ар бир адам үчүн анын катышуусунун негизинде, опузалап алынган каражаттардын жалпы суммасынан белгилүү бир үлүшү берилип турган. 2023-жылдын 20-апрелинде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилген.

2023-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык судьяны жаза жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.04.2023. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын бергиле! Коментарийди кутолу ушул сотко канча киши олум жазасын берет экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: