super.kg logo

Бишкектеги "Казакстан" мейманканасынын тосмосу алынат. Сот чечим чыгарды

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын «Койша жана С» ЖЧКсына («Казакстан» мейманканасы) карата доо арызынын негизинде муниципалдык аймак соттун чечими менен бошотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Жибек-Жолу проспектиси 601 дарегинде жайгашкан объектти бузуп жатышат.

Жер тилкесинин чыгыш тарабында 3х100 метр өлчөмүндөгү шлакоблок тосмосу, темир конструкция менен тосулган футбол аянтчасынын бир бөлүгү жана 2х100 метр тор тосмо, жайкы ашканасынын 3х14 метр өлчөмүндөгү чатыры, 3х14 метр эс алуу жайы жана жер тилкесинин батыш тарабындагы 3х2 метр өлчөмүндөгү пескоблок тосмосу алынууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 2021-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча бөлүмдүн аткаруучусу тарабынан «Коиша жана С» ЖЧКсына уруксат берилбеген муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен алып салуу сунушу менен билдирүү тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: