Жалал-Абад шаарынын тургуну облустук милицияга унаа белек кылды




Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну Акмалбек Закиров Kia K5 үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеӊишбек Абитов демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөп, кызматкерлерге ыӊгайлуу шарт жаратарын белгиледи.
Ошондой эле милицияга колдоо көрсөткөн Акмалбек Закировдун иштерине ийгиликтерди жана үй-бүлөсүнө бакыт каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.