super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда тараптар муктаж болгон жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган турак жай программасын жана социалдык миссияны ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле алдыда кол коюла турган документтерди практикалык ишке ашырууну талкуулашты.

“Сауд өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы эң маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте, бул чечимдердин кабыл алынышында Сиздин салымыңыз жана колдооңуз чоң”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташууну жогору баалады.

Кыргызстан менен Фонд 12 жыл тыгыз иш алып барып, жемиштүү жетишкендиктерди жасай алдык. Акыркы 2 жылда кызматташуубуз жогорку деңгээлге жетти. Сауд өнүктүрү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого даяр”, - деди Султан Аль-Маршад.

Ошондой эле тараптар жолугушууда ишке ашуу стадиясында турган маанилүү долбоорлорду талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: