super.kg logo

Ошто Бабур театры оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

 

Ош шаарында Бабур театры оңдоп-түзөөдөн өтүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ош шаардык мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн Захириддин Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстандын маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Түрксойдун башкы катчысы Султан Раев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземдин алкагында шаардык маданият башкармалыгынын, театрдын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле эки өлкөнүн маданият ишмерлерине, маданияттын өнүгүшүнө жана театрды оңдоп-түзөө иштерине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.

Иш-чара акын, саясатчы жана колбашчы Захириддин Бабурдун тарыхый окуяларынын негизинде коюлган "Айролик" спектакли менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, театрды оңдоп-түзөө иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталган. Каржылоо Өзбекстан өлкөсү тарабынан жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: