super.kg logo

Бишкекте 1,7 миллион гүл отургузулат

 

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде борбор калаанын мэриясынан кабарлады.

Ага ылайык, жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдүн түрлөрү ээлейт.

Учурда гүлдөрдү отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, "Дене тарбия" сквери, Пушкин көчөсү боюнча Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана "Уркуя"скверинин жанында жүргүзүлүүдө.

Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда. Гүлзарлардын эскиздерин Бишкек жашыл чарбанын ландшафттык дизайнерлери түзүүдө.

"Быйыл шаарга бир жылдык 1 миллион 700 миң гүл отургузулат. Кооз гүлдөгөн бир жылдык өсүмдүктөрдүн негизги артыкчылыгы - жайы бою гүлдөп, шаардын көркүн ачат. Шаар тургундарынан гүлдөргө аяр мамиле кылууну, үзбөөнү суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: