super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Сингапурдан келген инвесторлор менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “UOB Kay Hian” компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин башында турган Сингапурдан келген инвесторлор менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров фондулук рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеңеш берүүчү компаниялар менен сүйлөшүү жүргүзүү пландалганын жана буга тиешелүү компаниялардын катышып жатышы кубандырарын белгиледи.

Мага келген маалымат боюнча дүйнөнүн 80ден ашуун мамлекетинде Сиздердин өкүлчүлүгүңүздөр бар экен. Ушундай эле өкүлчүлүктү бизде дагы ачасыздар деп ойлойм. Фондулук рынокко кирүүнү каалаган бир гана “Кумтөр Голд” компаниясы эмес, мындан башка мамлекеттик компаниялар, анын ичинде эки банк жана бир уюлдук компания бар”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Хок Чай Дин Кыргызстан “UOB Kay Hian” компаниясынын кардары болуп каларына ишеним артарын жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

Албетте, мындай ишти баштоо оор процесс жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Ошентсе дагы биздин компания Түштүк-Чыгыш Азиядагы, Кытайдагы, Улуу Британиядагы жана Түндүк Америкадагы компаниялар менен иш алып барып такшалып калгандыктан Кыргызстан менен дагы жумушту алып кетебиз деп ойлойм”, - деди Хок Чай Дин.

Белгилей кетсек, “UOB Kay Hian” компаниясы 1900-жылдардын башында түзүлгөн жана Биржа брокерлеринин Сингапур ассоциациясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Сингапур фондулук биржасынын мүчөсү жана Азиядагы эң ири брокердик компания.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: