Үч айда өлкөдө 35 айыл чарба кооперативи түзүлдү

Ушул жылдын үч айында республика боюнча 35 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, өндүрүшкө кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен Чүй облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 2; Ош облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 12; Талас облусунда – 2; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 9.
Ушул жылдын 1-апрелине карата өлкөдө 513 айыл чарба кооперативи ишмердүүлүк жүргүзүүдө, анын ичинен: Чүй облусунда – 80; Ысык-Көл облусунда – 61; Ош облусунда – 63; Жалал-Абад облусунда – 156; Талас облусунда – 62; Нарын облусунда – 40; Баткен облусунда – 51.
Айыл чарба министрлиги кооперацияны өнүктүрүүгө практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү менен алардын материалдык-техникалык базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү менен айыл чарба азык-түлүгүн экспорттоо жана кайра иштетүүгө шарт түзүп, укуктук ченемдик базаны жана айыл чарба кооперативдерине биригүүгө материалдык дем берүүнү ишке ашырууда.



