28-апрелден баштап Бишкектеги дагы бир көчө бир тараптуу болот (карта)
28-апрелден баштап Бишкектеги Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.
Мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, С.Садыгалиев-А.Волкова көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектиси-С.Садыгалиев көчөсүнүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр С.Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.