super.kg logo

Нарындагы рейдде 4 айдоочу мас абалында кармалды. Алардын баары чоң кызматта иштегендер

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жетекчиликтин тапшырмасы менен Нарын облусунун аймагында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүп, төрт сааттын ичинде 102 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаргандар 4 айдоочу (баары чоң кызматтарда иштегендер);

- Тийиштүү документтери жок -1 авто унаа;

- мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган (переоборудование) -5 авто унаа;

- Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган -1 авто унаа;

-"Автоураган" аппараттык комплекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн, ж.б.) жол эрежесин бузган 13 автоунаа аныкталган.

-Башка жол эреже бузуулар 78.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 27 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында дагы уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: