super.kg logo

Алып баруучу Нурзат Токтосунованын апасы каза болду 

 

Алып баруучу Нурзат Токтосунованын апасы каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Айжан Акылбекова Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

"Нурзатым, энекеңдин арты кайрылуу болсун. Алла Таала, Бүбүш апаны өз мээримине алсын", - дейт ал.

Алып баруучу айым маектеринин биринде "Күчтүү аял төрөгөн күчтүү аялмын. Апамдын аты - Бүбүш. 5 эркек, 3 кызды төрөп, чоңойткон кыйын эне. Апам курч, өткүр аял. Апама мен балдарынын кичүүсү болгонум үчүнбү жакынмын. Отузга чыкканча эле коюнуна жатып, эркелеп жүрдүм. 11-классты бүтүп, окууга тапшыра турган жылы мени уруша баштады. Ошондо "Эмнеге минтет? Окууну бүтүп, батыраак кетип калайынчы" деп аябай жаман көрүп баштадым. Көрсө, апам арканды алыс ыргытып, мени турмушка даярдап жаткандагысы экен да", - дегени бар.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурзат Токтосунованын апасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: