super.kg logo

"Кыргыз-Швейцариялык Банкы": QR аркылуу төлөө, сатып алуу жана которуу процесстерин жеңилдетет

 

Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары мобилдик тиркемелерине жана электрондук капчыктарына бирдиктүү QR-кодду интеграциялашты. QR-код аркылуу төлөө – бул банк картасын бербестен сатып алуулар жана которуулар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн альтернативдик жолу.

QR-код (Quick Response, «тез жооп кайтаруу») бул телефондогу сканердин жардамы менен дароо таанылган төлөм жөнүндө коддолгон маалыматы бар штрих-код саналат, ал маалыматтарды кол менен киргизүүнү талап кылбайт – алар тез арада толтуруу үчүн талап кылынган талааларга которулат жана которуу бир нече секунда ичинде ишке ашат.

«Кыргыз-Швейцария банкынын» кардарлары KSB мобилдик тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңыртып, ушул тейлөөнү колдоно алышат. OR-код аркылуу кантип төлөө керек:

  1. Акча которулган сатуучу же колдонуучу банкка тиешелүүлүгүнө карабастан, мобилдик тиркемесинен QR-коду бар бөлүмдү ачат.
  2. 2. Жөнөтүүчү же сатып алуучу сунушталган кодду телефондун жардамы менен сканерлейт (телефондун камерасы активдүү/иштеп турган болушу шарт).
  3. Сканерлегенден кийин акча каражатын алуучунун толтурулган талаалары бар баракчасы ачылат жана жөнөтүүчү сумманы киргизиши жана төлөмдү бышыкташы керек болот.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган Кыргызстандагы соода-тейлөөчү түйүндөр улам барган сайын көбөйүүдө: булар супермаркеттер, кофейнялар, ресторандар, кондитердик жайлар, уюлдук операторлор, коммуналдык тейлөөлөр, такси кызмат көрсөтүүлөрү жана башка тейлөөлөр.

Бүгүнкү күндө бардык төлөмдөр комиссиясы жок аткарылууда. «Кыргыз-Швейцария банкынын» мобилдик тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөөлөр боюнча тейлөөлөрдүн ыңгайлуулугун баалаңыз!

Эгер сизде QR-код же башка банктык продукт аркылуу төлөөлөр боюнча суроолор жаралса, төмөнкү электрондук почтага bank@ksbc.kg, www.ksbc.kg сайтындагы чат аркылуу жана «Кыргыз-Швейцария банкынын» байланыш борборунун телефондоруна кайрылыңыз: +996 (312) 54 34 24 (шаардык номер), +996 (705) 54 34 24 («О!»), +996 (755) 54 34 24 (Megа), +996 (222) 54 34 24 (Beeline).

«Кыргыз-Швейцария банкы»: Жаңы бийиктиктерге бирге!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: