Кыргызстанда эки аптада 47 миңден көп бала 1-класска кабыл алынды

Кабарга ылайык, бала бакчага жана мектептерге кабыл алуу маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү.
47 491 баланын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынган.
Аймактар боюнча бөлүнүшү:
- Бишкек шаарында – 4819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен);
- Жалал-Абад облусунда – 9144 бала (анын 79у жеңилдик менен);
- Чүй облусунда – 6316 бала (анын 90у жеңилдик менен);
- Ош облусунда – 9336 бала (анын 83ү жеңилдик менен);
- Ысык-Көл облусунда – 5144 бала (анын 28и жеңилдик менен);
- Баткен облусунда – 5952 бала (анын 82си жеңилдик менен);
- Талас облусунда – 2736 бала (анын 48и жеңилдик менен);
- Нарын облусунда – 3 181 бала (анын 30у жеңилдик менен);
- Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен).
Эскерте кетсек, 10-апрелде балдарды 1-класска электрондук каттоо башталган болчу. 2023-2024-окуу жылына карата өлкө боюнча 1-класска 186 миң 201 квота каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.