Ошто каналдан 42 жаштагы жарандын сөөгү табылды
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы каналдан 42 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылынан агып өткөн каналга 42 жаштагы Ж.Э. аттуу адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Агын суудан издөө үчүн 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.