super.kg logo

Мындан ары «О!Деньгини» терминалдардан накталатып алса болот

 

«О!Деньги» финансылык сервиси кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн инновациялык төлөм чечимдерин түзүүнү улантууда.

Мындан ары сервистин колдонуучулары электрондук капчыктагы акча каражаттарын cash out функциясы бар атайы терминалдардан накталатып ала алышат.

Нактаматтар керектүү кызматтарды төлөп коюуга гана эмес, акча каражаттарын смартфондон накталатып алууга дагы мүмкүнчүлүк берет – паспортсуз, картасыз жана банкка баруусуз.

«О!Деньгини» нактамат аркылуу кантип накталатып алса болот?

1.Нактаматтын экранынан «О!Деньги накталай берүү» баскычын тандаңыз.

2. Керектүү сумманы көрсөтүңүз.

3. «Мой О!» тиркемесин ачып, QR-кодду сканерлеңиз.

4. Операцияны ырастап, накталай акчаны алыңыз.

Кызматтын комиссиясы канча болот?

  • Айына 15 000 сомго чейин комиссиясыз накталатып алса болот.
  • 15 001 сомдон 80 000 сомго чейин – 0.5%.
  • 80 001 сомдон өйдө – 1%.

Канча суммадагы накталай акча алса болот?

  • Онлайн идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 30 000 сомго чейин.
  • O!Storeдон идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 800 000 сомго чейин.

Нактаматтарды кайдан тапса болот?

Азыркы учурда Чүй облусундагы О!Store жана Globus дүкөндөрүндө 50гө жакын нактамат орнотулган. Жакынкы арада аларды саны мындан да көбөйөт.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц.: №2021030817, №3022030817.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: