super.kg logo

Баткенде 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имараты курулууда

 

Баткен районунун Кара-Булак айылында 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, курулушка капсула салуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана элеттиктер катышты.

Кара-Булак айылында археологдордун изилдөөсүнө ылайык биздин замандын II-IV-кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган.

Аталган көрүстөндө мумияланган келиндин табыты табылган.

Бул тарыхты сактоо үчүн 1984-жылы “Мектеп музей” түзүлгөн. Ал эми 1992-жылы “Элдик музей” наамы ыйгарылган.

Элдик музейде 2885 экспонаттар бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат.

Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 миллион сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: