super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Орусиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугушту

 

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

"Экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. Ошондой эле ар кандай себептерден улам Орусиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик Думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды.

Өз кезегинде Вячеслав Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36 пайыз Орусиялык инвесторлорго таандык экенин мисал кылды. Айрыкча кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Орусиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамлекеттик Думанын Төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: