super.kg logo

Нурланбек Шакиев Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди

 

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиядагы расмий иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанында орун алган Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага делегация мүчөлөрү менен бирге Улуу Ата-Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Кошумчалай кетсек, Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.

Жолугушууларга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: