super.kg logo

Россельхознадзор Кыргызстандын жүгөрү үрөнүнөн ГМО чыкканын билдирди

 

Россельхознадзор Кыргызстандан жеткирилген 14,2 тонна жүгөрүнүн үрөнүнөн ГМО табылгандыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде мекеменин сайтында жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, Кыргызстандан барган дан өсүмдүктөрүндө алардын сортун жана уруктун сапатын тастыктоочу документтер болгон эмес. Мүшөктөрдөгү маркалоодо (этикетка) маалымат толук жазылган эмес деп да айтылган.

Бул фактыларды Россельхознадзор Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине билдирген. Маалыматта бул аптанын аягына чейин ГМОлуу үрөндү жиберген факт боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, мындай нерселердин алдын алуу жаатында чаралар көрүлөрү айтылган.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги орусиялык ведомствонун маалыматына азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандан импорттолгон балыктарга тыюу салган. Апрелде Россельхознадзор адал эт азыктарын өндүргөн "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган, компания билдирүүнү четке каккан. Ал эми 21-апрелде Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: