super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Валентина Матвиенко менен жолугушту

 

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду. Андан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык байланыштар тууралуу да сөз болуп, төрага Шакиев Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча учкай кеп кылды.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолду. Мындан сырткары кыргызстандык эмгек мигранттарына тиешелүү маселелерди көтөргөн Федерация Кеңешинин төрайымы алар эки мамлекеттин экономикасына тең чоң салым кошуп жатышканын белгиледи.

Баарлашууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы пикирлер да айтылып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ржев шаарында ири салгылашка катышкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган эстелик жакында ачылары белгилүү болду.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин делегациясына Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин ишмердүүлүгү тааныштырылып, отурумдар өтчү залдар көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: