super.kg logo

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз куткаруучуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

 
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Анда
25-апрелде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы мамлекеттик медалын ошондой эле Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.
Сыйлоо аземине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.
Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.
Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: