Кожобек Рыспаев, депутат: “Элге чириген түтүктөр, аңгырап бош турган “Кыргызгаз”, анын ичинде отурган Тургунбек Кулмурзаевдин да кереги жок. Элге газ керек”
“Кыргызгазды” сатпаса болбой турганын парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев дагы бир жолу айтты. “Элге чириген газ түтүктөрү, аңгырап бош турган “Кыргызгаздын” имараты, анын ичинде отурган Тургунбек Кулмурзаевдин да кереги жок. Элге газ керек”,- дейт депутат. Айтымында, газ боюнча Өзбекстанга ишенич жок, каалаган учурда газды өчүрүп коёт.
Рыспаев “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишимде газ менен камсыз кылууга Нарын облусу кирбей калганын айтып, “Нарындыктар эмне өгөй эненин балдарыбы?” деди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште "Кыргызгазды" орусиялык "Газпромго" сатуу маселеси каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

