"Ак шумкарлар" июнда Иран жана Ооганстан менен Бишкекте ойнойт
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы июнь айында "CAFA Nations Cup 2023" турниринин алкагында Бишкекте оюн өткөрөт.
Бүгүн, 26-апрелде "CAFA Nations Cup 2023" турнирине чүчү кулак тартуу аземи өттү. Анда Кыргызстан "В" тайпасына туш келип, ал жактан Иран жана Ооганстан менен ойнойт.
"В" тайпасындагы бардык оюндар Бишкекте өтөт.
"CAFA Nations Cup 2023" турнири, "А" тайпасы: Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Оман;
"В" тайпасы: Иран, Кыргызстан жана Ооганстан.
Белгилей кетсек, "CAFA Nations Cup 2023" турнири алгачкы ирет өткөрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.