super.kg logo

Бишкекте көп кабаттуу үйдү курууда мыйзам бузуулар аныкталды

 

Бишкектеги Фурманов көчөсү №5 дарегиндеги көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жерге борбор калаанын мэринин орун басары Мурат Осмонов жооптуу кызматтар менен бирге көчмө жыйын өткөрдү.

"Фурманов көчөсү, №5 дарегинде 9 кабаттуу үй курулуп жатат. Азыр имараттын фасадын бүтүрүү стадиясында турат. Бирок унаа токтотуучу жайлар жана балдар аянтчасы, ошондой эле тиешелүү кызматтар менен макулдашылган уруксат берүүчү долбоордук документтери жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок. Мыйзам бузууларга карабай, куруучулар бүтүрүү иштерин улантууда, ал эми үлүштүк ээлер батирлерди кайра сатууда", - деп айтылат маалыматта.

Борбор калаанын мэриясы курулуш компаниялардын ээлерине шаардагы бардык жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш нормаларын жана эрежелерин бузуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: