super.kg logo

Бишкекте видео жарнама боюнча биринчи республикалык форум өттү

 

Бишкекте 26-апрелде видео жарнама боюнча биринчи республикалык форум болуп өттү.

Форумда Орусиядан келген Qvol” компаниясынын жетекчиси Андрей Григорьев видео жарнаманын ар түрдүү этаптарда кандай чечүүчү милдеттерди аткара тургандыгы боюнча жалпы маалымат берди. Андан сырткары видео жарнаманын коомчулуктун аң-сезимине тийгизген таасири жана кардарлардын көңүлүн буруу үчүн колдонулган методдор тууралуу сөз кылды.

Ал эми Шариф Кармо (Qvol) Орусиядагы видео жана тележарнамадагы өзгөрүүлөр боюнча айтып берди.

"TV Media servis" агенттигинин жетекчиси Назар Манасбеков Кыргызстанда көптөгөн жергиликтүү сайттарды камтыган видео жарнама тармагы ачылганын билдирди. Алар super.kg, 24.kg. akchabar.kg, reporter.kg сайттары. Эми мунун баарын кардарлар бир жерден, тагыраагы, “TV Media servis” кызматы аркылуу сатып алса болот.

Иш-чарага жалпы 100дөн ашуун катышуучу келди. Алар Кыргызстандагы ири компаниялардын маркетинг директорлору, жарнама агенттиктеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: