super.kg logo

Жапаров Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту. Талкууга алынган маселелер

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, жолугушуу Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында орун алды.

Анын жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты.

«Менин жакында болгон расмий сапарымдын жыйынтыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу жаатында абдан жемиштүү болду.

Анын жыйынтыгында кол коюлган бардык документтер биринчи кезектеги мүнөзгө ээ - биздин экономикалык кызматташуубузду илгерилетүүнүн мындан аркы багытын аныктайт», - деген Жапаров.

Тараптар ошондой эле өкмөт башчыларынын деңгээлинде боло турган иш-чаралардын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, чек арага жакын облустардагы Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешинин кезектеги жыйынын жана эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүү талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: