Санэпидем кызматы: "Жыл сайын кене чаккан жарандардын саны көбөйүп жатат"
Өлкөдө жыл башынан бери кене чаккан 166 адам дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Мекеме жыл сайын жаз-жай мезгилинде кене чагып медициналык мекемелерине кайрылгандардын саны өсүп жатканын билдирет.
2023-жылдын башынан бери кене чаккандардын саны 166 адамды түзөт. Алар:
- Бишкек шаары — 86
- Чүй облусу — 35
- Ысык-Көл облусу — 35
- Талас облусу — 5
- Жалал-Абад облусу — 2
- Ош шаары — 2
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кене энцефалитине чалдыгуу коркунучу боюнча эскертет.
Кене энцефалити – борбордук нерв системасынын негизги жабыркашы менен коштолгон курч кармаган инфекциялык вирустук жана сезондук оору. Мында алгач адам өзүн алсыз сезе баштайт. Болжол менен бир жумадан кийин бул белгилер жок болушу мүмкүн. Бирок андан кийин баш катуу ооруп, дене табы көтөрүлүп экинчи фазасы башталат.
Оору чыйрыгуу, катуу баш оору, дене табынын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, көңүл айнуу, кусуу менен коштолот.

