Токтогулда үч саатта 26 унаа айып аянтчасына киргизилди
Токтогул районунда жол кыймылына текшерүү жана көзөмөл иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө үч саат ичинде 33 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган - 15 айдоочу;
- Уруксатсыз кошумча жабдыктап алгандар - 3 айдоочу;
- Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар - 1 айдоочу;
- Убагында төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар 14 айдоочу аныкталган.
Белгилүү болгондой, 26 унаа айып аянтчасына токтотулган.
ЖКККББнын атайын ротасы Жалал-Абад облусунун башка Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Базар-Коргон, Сузак жана башка райондорунда да рейддик иш-чараларды жүргүзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.