super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чүйдө кырсыкка кабылган окуучуларга мектеп куруп берүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев "Манас" аэропортунун трассасында жол кырсыгына кабылган окуучуларга мектеп куруп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүн, 27-апрелдеги жыйынында айтты.

"20-апрель күнү Манас айылына окуучуларды ташыган автобус кырсыкка учурады. Ошол жерде 27 бала ооруканага түшүп калды. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кудайга шүгүр, 4 баланын үчөөнү ата-энелери алып кетти.

Манас айылындагы 920 орундуу мектепте бүгүнкү күндө 3500 бала окуп жатат. Мектеп качан бүтөт? Кошумча корпус салуу боюнча курулуш башталганына 3 жыл болду.

Лесной айылынын тургундары башталгыч класстар үчүн мектеп салып берүү боюнча кайрылып жатат. Ал жерде 256 бала Манас айылындагы мектепке барып окуйт. Айыл мектептен 7 чакырым алыстыкта жайгашкан", - деп билдирди депутат.

Эл өкүлү президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, аталган маселени президентке кабарлап, элдин өтүнүчүн аткарып берүүнү өтүндү.

Эске салсак, 20-апрелде Манас аэропортунун жолунда башталгыч класстардын окуучуларын ташып бара жаткан автобус кырсыкка кабылган. Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон. Анын кесепетинен жалпы 27 бала №3 балдар ооруканасына кайрылып, медициналык жардам алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: