super.kg logo

Уулу Орусияда камакта жаткан эне: "Абакта ата-энеси билбеген балдар бар экен"

 

Уулу учурда Орусиядагы абакта күнөөсүз отурганын айткан Гүлүмкан Жусупбекова SUPER.KG порталына кайрылды.

Ал уулу Орусияга баргандан 10 күндөн кийин эле күнөөсүз жерден кармалып, 9 жыл 8 айга кесилгенин айтты. Эми уулун Кыргызстанга которто албай жаткан эне уулу Украинага согушка кетип калабы деп кооптонуп жатканын айтты.

"Менин кичүү балам Азамат 2022-жылы март айында Орусиянын Сүргүт шаарына иштегени кеткен. Анын барам деген деле ою жок болчу, кимдир бирөөлөр электрондук билет салыптыр. Анан барбай эле кой десем болбой кеткен. Ал 2-мартта кетип эле 13-мартта кармалыптыр. Ага чейин байланышып турчубуз, анан эле 13-марттан кийин байланыш жоголду. Көп өтпөй эле мага бир аял чалып "Сиздин балаңыз менен менин иним баңгизат менен кармалып, азыр СИЗОдо экен" деп айтты.

Анан балдарым дароо эле учуп барышты. Барса киргизбей коюшуптур, анан берчүсүн берип эле кайра келе беришти. Биз 600 миң рублга жактоочу жалдадык, ал кирип жолугуп жатты. Балам жактоочуга аларды полиция аябай сабаганын, жанындагы баланын жаагы сынганын айтыптыр.

Баламды сабашып, 300 грамм баңгизатын моюнуна илишиптир. 300 грамм деген көп да. Балам 6 ай моюнуна албай койду, 6 айдан кийин жактоочу бирөө моюнуна алса жеңилирээк болот деп айтты.

Эми баламды 9 жыл 8 ай абакка кесишти, учурда Новосибирск шаарында абакта отурат. Өзү бул жакта "Пантерада" иштеген күчтүү бала болчу.

Уулум менен сүйлөшсөм абакта шарттар аябай начар экенин, чочконун этин берип жатканын айтты. Өзү намаз окуйт. Ал жерде ата-энеси билбеген балдар отурганын дагы айтты. Алардын тагдыры эмне болот?

Биздин азыр коркконубуз уулумду Украинага алып кетеби деп кооптонуп жатабыз. Уулум ага сунуш келгенин айтты. Мен "Балам барба, барсаң болбойт" деп айттым. Эми 10 күндөн бери байланыш жок, акыркы сүйлөшкөнүбүздө "Бизди карантинге жаап жатат" деп айткан. Ыйлап жатып көз жашыбыз деле калбай калды", - деди көзүнө жаш алган Гүлүмкан Жусупбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: