super.kg logo

Сот "Азаттыкты" жабуу чечимин чыгарды (видео)

 

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыкка” анын ишин токтотуу боюнча доо арызы боюнча соттук отурум өттү.

Соттук жараянды фото-видеого тартууга уруксаат берилди.

Ишти соттун төрайымы Чолпон Каримбаева карады. Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген судья Чолпон Каримбаева “Азаттыктын” редакциясынын ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон. Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. "Азаттык Медиа" ал материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.






Сот "Азаттыкты" жабуу чечимин чыгарды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: