Таштандыны иштетүүчү заводдун курулушу октябрда баштоо пландалып жатат
Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун ушул жылдын октябрь айында баштоо пландалууда. Бул тууралуу чехиялык "HDT Impex" компаниясынын жетекчиси Ярослав Вебр бүгүн, 27-апрелдеги маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, жол картасына ылайык, заводду курууга 2 жыл убакыт керектелет.
"Учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат. Азыркы кезде компания ТЭНди жана бийлик менен келишимди күтүп жатат.
Буга чейин консорциум менен мэриянын ортосунда протоколго кол коюлган. Жол картасына ылайык, заводдун курулушуна капсула салуу 2023-жылдын октябрь айына пландалган. Бул датада заводдун курулушуна капсула салабыз деп ишенебиз" деп билдирди ал.
ReGreen s.r.o компаниясынын юристи Мариан Бошанскийдин айтымында, кийинки айда полигондо таштандыларды туура иргөө боюнча иштер башталат.
"Жол картасына ылайык, заводду курууга эки жыл убакыт керектелет. Бирок биз аны күтпөй эле кийинки айда таштанды полигонуна келген таштандыны туура иргеп, туура көмүү боюнча жумуштарды баштайбыз", - деген ал.
Эске салсак, ушул жылдын март айында калаада таштандыларды иштетүү комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу протоколуна кол коюлган.

