super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Тынчтыкка үндөгөн веложүрүш өттү

 
30-октябрда Нарын шаарынын ИИБинин имаратынан облустук прокуратуранын имаратына чейин мектеп окуучуларынын катышуусунда веложүрүш болуп өттү. Веложүрүштү өткөрүү демилгесин көтөргөн Нарындагы Билим берүү долбоорлорунун агенттиги жана “Жаңы ысым” уюму болду. Катышуучулар аянттагы концерттик сахнага чогулушуп, ал жерде шаардагы ардактуу энелер, акциянын уюштуруучулары сөз сүйлөп, ынтымакка чакырып, таттуу азыктардан чачыла чачышты. Андан соң чакан концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюндар уюштурулуп, көрүүчүлөр белектерге ээ болушту. 
"Акциянын аталышы - “Айымдар жана жаштар тынчтыкка, биримдикке үндөйт”. Аталышы айтып тургандай, акыркы жылдары адамдар арасындагы чырлардын көбөйүп баратышы коомчулукка, көбүнчө жаштарга жана аялдарга олуттуу таасирин тийгизип келет. Чыр-чатактардын чыгышын азайтуу максатында жылда ар кандай акциялар өткөрүлүүдө. Бул жолку веложүрүшкө шаар ичиндеги бардык мектептердин окуучулары жана ролик сүйүүчүлөр катышты. Былтыркы жүрүшкө башка райондордун мектептеринен да келип, активдүү катышып беришкен. Акциянын башкы демөөрчүсү Нарын облустук БУУнун комплекстүү башкармалыгы болду. Учурдан пайдаланып, терең ыраазычылык билдиребиз",- деди Билим берүү долбоорлорунун агенттигинин өкүлү Гүлзат Нурмамбетова.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: