super.kg logo

Жалал-Абадда “Коопсуздук - 2023” машыгуусу жыйынтыкталды

 

Жалал-Абадда “Коопсуздук - 2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы тарабынан 25-27-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагында “Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда өзгөчө абалды киргизүү шарттарында аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иши” темасында “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлдү.

"Бүгүн өлкөгө куралдуу кылмышкерлер кол салган учурда, массалык башаламандыктар орун алганда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын аткара турган жумуштары практика түрүндө көрсөтүлдү.

Практикалык машыгууга куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси Жеӊишбек Абитов катышты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле машыгууга активдүү катышкандарга сыйлыктар тапшырылганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: