super.kg logo

"Арматуралары оркоюп чыгып калган". Западный айылындагы мектеп 8 жылдан бери бүтпөй турат

 

Чүй облусундагы Западный айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды.

Ал аталган айылда билим берүү мекемеси жок экенин маалымдап, 2015-жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектептин багы качан ачыларына кызыкты.

"Западный айылында 150 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Пайдубалы түптөлүп, кышы коюлган, ошол боюнча токтоп турат. Эми курулуп бүтпөй жатып урап жатат. Арматуралары оркоюп ар кайсы жерде чыгып калган. Ал жерде балдар ойношот. Кудай сактасын, бирок коопсуздук каралган эмес. Бул маселеге көңүл бурулуп, мектеп курулуп калса баарыбызга ыңгайлуу болмок.

Окуучулар Жаңы-Жер айылындагы мектептен билим алышат. Айыл менен мектептин ортосундагы аралык 5-6 чакырымды түзөт", - деген окурман.

Жергиликтүү тургундун маалыматына таянсак, Западный айылында 5000ге чукул калк жашайт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Сокулуктун Западный айылында мектеп 7 жылдан бери бүтпөй келет

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: