super.kg logo

Өлкөдө 10-майдан тарта 200, 500, 1000 сомдун жаңы үлгүлөрү чыгарылат (сүрөт)

 

Кыргыз улуттук банкы 10-майдан тарта жүгүртүүгө жаңы банкноталарды чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Медина Аширалиева 28-апрелдеги маалымат жыйында билдирди.

Белгилүү болгондой, 10-майдан тарта 200, 500, 1000 сом номиналындагы банкноталардын жаңы үлгүсү жүгүртүүгө чыгат.

"Жаңы сериядагы банкноталар улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат. Анда банкноттордо негизги сюжеттер багыты сакталган жана алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портрети жайгашса, арткы бетинде кыргыздын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды.

Улуттук валютанын бардык банкноттору расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Жаңы банкноталардын өзгөчөлөгү актай тилкенин жоктугу. Ал тилке түстүү болду. Бул банкноттордун жүгүртүүдөгү мөөнөтүн узартат. Тажрыйба көрсөткөндөй, банкноттордун жүгүртүүдөн чыгышына алардын кир болгону себеп болот.

Ал эми калган 20, 50, 100, 5000 сомдук номиналындагы банкноталар зарылчылыкка жараша этап менен чыгарылат", - деп билдирди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: