super.kg logo

Биринчи айым Баткендеги "Кут кадам" балдар үйүнө барды 

 

Кечээ, 27-апрелде өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткендин Кадамжай районунун Совет айылындагы "Кут кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, Жапарова бул мекеменин жашоо шарты, тамак-ашы, балдарга болгон камкордугу, ошондой эле имараттын жалпы абалы менен таанышты.

Үй шартында балдар үйүнүн кызматкерлери жана балдар менен жылуу баарлашып, биринчи айым тарбиялануучуларга мээримин төгүп, кам көргөн тарбиячылардын асыл максат менен иштегендерин белгиледи.

Ал турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Айгүл Жапарова өзү жетектеген "Эне-балага тирек" фондунун атынан мекемеге эки кабаттуу керебеттерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырды.

"Кут кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар интернаты 2018-жылы 8 жылдык келишим менен ижарага алынып, жеке менчик үйдүн имаратында ачылган. Ачылаар алдында объект капиталдык оңдоодон өтүп, ага бардык керектүү коммуникациялар кошулган.

Интернат 12 балага ылайыкталган. Азыр анда 3 жаштан 18 жашка чейинки 18 тарбиялануучу жашайт. Балдар үйүнө жетим балдар, жарым жетимдер, ата-энелери тарбиялоо укугунан ажыратылган балдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: