super.kg logo
  Саясат  

"Бала-чакаңыз барбы?" Байсалов эл өкүлүнүн суроосун жоопсуз калтырды

 

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйыны өтүп жатат.

Анда Жаныбек Кыдыкбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун үй-бүлөсүнө кызыкты.

"Сизге жеке суроо: үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз барбы? Канча балаңыз бар", - деген суроону узатты.

Байсалов депутаттын бул суроосун жоопсуз калтырып, анын үй-бүлөсү каралып жаткан маселеге кандай тиешеси бар экенин айтты.

Эскерте кетсек, учурда фракция жыйынында өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук программа талкууланып жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон өкмөттүн мүчөлөрү катышып жатат.






"Бала-чакаңыз барбы?" Байсалов эл өкүлүнүн суроосун жоопсуз калтырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: