super.kg logo

Орусияда кыргызстандык таксист алданып калган пенсионердин жарым миллион рублун кайтарып берди (видео)

 

Орусияда кыргызстандык таксист пенсионердин шылуундарга жөнөткөн жарым миллион рубль акчасын кайтарып берди. Бул тууралуу орусиялык "Рен.тв" телеканалы маалымдайт.

Ага ылайык, Москвада таксист болуп иштеген Жеңишбек Кабылов пенсионерден баштык алып тиешелүү жерге жеткирүү боюнча буйрутма алат. Баштыкты алып жатканда таксист "акча эмеспи?" деп сураганда аял шектүү түрдө "жок" деп жооп берген. Күмөн санаган таксист жолдо бара жатканда баштыкты текшерип, ичинде чоң суммадагы акча бар экенин көрөт.

Мындан улам таксист пенсионер аялдын шылуундардын кылтагына илингенин түшүнүп, буйрутманы жокко чыгарууну ойлойт, бирок бара турган жерине 2-3 чакырым калгандыктан акысын алууну чечет. Жыйынтыгында ал буйрутманы жеткирип бергени үчүн шылуундардан 2 миң рублдан ашуун акы алып, аларга бош баштыкты берип кетип калган. Ал окуя тууралуу полицияга кабар берип, андан соң 84 жаштагы Светлана Малютинага акчасын кайтарып берген.

Учурда полиция кызматкерлери шылуундарга кылмыш ишин козгоп, алардын изине түшкөн.






Кыргызстандык таксист шылуундарга алданган пенсионердин жарым миллион рубль акчасын кайтарып берди

Кыргызстандык таксист шылуундарга алданган пенсионердин жарым миллион рубль акчасын кайтарып берди

Кыргызстандык таксист шылуундарга алданган пенсионердин жарым миллион рубль акчасын кайтарып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2023. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуруно коркунуч жаралып калбасын, озунду корсотпосон болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: