super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз кыздары качан кыздарга турмушка чыкты эле?". Атазов Байсаловду "ыплас" деп атады

 

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинети үй-бүлө кодексин иштеп чыгып жатканын Акылбек Жапаров билдирди.

Анын жүрүшүндө эл өкүлү Шайлообек Атазов министрлер кабинети Айбек Жунушалиев менен Бакыт Төрөбаевди кызматка дайындоодо туура кадам жасаганына токтолуп:

"Үстүнкү катмарларды жакшы койдуңар. Анан ылдый түшкөндө эле бардык баткак башталып жатат. Бут тазалап, элдин жүгүн көтөрө тургандарды койсоңуздар жакшы болот эле. Глобалдык фонд кыздарды кыздарга турмушка берүү үчүн 29 миллион доллар берет. Вице-премьер-министр Эдил Байсалов ага уруксат берип олтурат. Эмнеге кыргыз элинин каада-салтына карама-каршы келген иштерди кылып жатышат?! Кыргыз кыздары качан кыздарга турмушка чыккан?!" - деди Атазов.

Ал эми Акылбек Жапаров май-июнь айларында министрлер кабинети жаңы үй-бүлө кодексин киргизүүнү пландаштырып жатканын айтты.

"Ал жерде баары так жазылат. Үй-бүлө аял менен эркектин союзу экени да баса белгиленет. Кыргызстан адам укуктарын коргойбуз деп болгон конвенциянын баарына кошулуп алыптыр. Эми алардын баарын иреттеп, тактап, биздин идеологиябызга туура келбегендерден чыгалы деп жатабыз", - деди Жапаров.

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйыны өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: