super.kg logo

Ооруп жатканы айтылган Эрдоган иш-чараларынын бардыгын жокко чыгарды

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ооруп жатканы боюнча маалыматтан кийин пландалган бардык иш-чараларды токтотту. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Эрдоган алдыда пландалган иш календарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Түрк лидери үйүндө эс ала турганын Твиттер баракчасына жарыялады.

"Бүгүн дарыгерлерибиздин кеңеши менен үйдө эс алам. Тилекке каршы, бүгүн Кырыккале, Йозгат жана Сивастагы бир туугандарым менен жолуга албайбыз. Эртеңден баштап иш-чараларыбызды улантабыз", - деп жазды Эрдоган.

Эрдоган белгилегендей, бүгүнкү пландаштырылган бардык иш-чараларда анын ордуна вице-президент Фуат Октай катышат. Түркиянын президенти ага ден соолук каалап, дуба кылган өлкөнүн бардык жарандарына ыраазычылык билдирди.

Буга чейин түрк бийлиги Эрдоган микроинфаркт алган деген маалыматты четке каккан.

25-апрелде Режеп Тайып Эрдоган түз эфирде өзүн жаман сезип, эфир үзгүлтүккө учураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: