super.kg logo

Жалал-Абадда "Жылдын мыкты мугалими" сынагы өттү (фото)

 
Бүгүн, 28-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинде "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору кабарлады.

Сынакка шаардагы 20 мектептен 19 мугалим катышты. Ал эми баш байгени №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Айнура Асылбекова жеңип алды. Ага ноутбук жана диплом тапшырылды. Эми ал сынактын облустук турунда Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Ал эми калган байгелүү орунду камсыздаган жана сынакка катышкан бардык катышуучуларга белектер, номинациялар жана дипломдор тапшырылды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков сынакта ийгиликке жетишкен мугалимдерди куттуктап, жергиликтүү бийлик билим берүү тармагын ар дайым колдой турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими” сынагына жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 700 миң сом "Алтын сертификат", "Алтын тамга" алган бүтүрүүчүлөргө, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине сыйлык катары берилмекчи.

Эске салсак, 2022-жылы өткөн жылдын мыкты мугалими сынагына шаар бюджетинен бир миллион сом акча каражаты бөлүнүп, баш байгеге унаа коюлган болчу.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: