super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча сунуш президентке жиберилет

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча сунуш президентке жиберилет. Мындай чечим бүгүн, 28-апрелде "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттар тобунун кошмо жыйынында кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, жыйындын жүрүшүндө Глобалдык фонд тарабынан бериле турган 29 миллион доллардын максаттуу пайдаланышы талкууланды. Анда депутаттардын көпчүлүгү каражаттын гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканына нараазычылыгын айтып чыгышты.

Байсалов өз учурунда муну көзөмөлдөй турганын айтса, эл өкүлдөрү бул маселени көзөмөлдөө анын түздөн-түз милдети экенин айтышты.

Натыйжада Байсаловду кызматтан алуу тууралуу президентке сунуштама жиберүү боюнча фракциянын жана депутаттык топтун чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, депутаттар тарабынан буга чейин да ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражат башка максатта колдонулуп жатканы айтылган. Анда каражаттар гомосексуализмди алдын алууга эмес, пропагандалоого жумшалып жатканы белгиленген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: