super.kg logo

Биринчи айым Баткенде туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форумга катышты

 

Баткен шаарында туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, форумдун алкагында туристтик “ITBE” көргөзмөсү, “Айгүл-Тоо”, “Баткен күрүчү”, “Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдары, кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси өтүүдө.

Өлкөнүн бардык аймактарынан келген уз чеберлер, кол өнөрчүлөр, ишкерлер өз колдорунан жаралган эмгектерин, продукцияларын көргөзмөгө коюшту. Өзгөчө Баткен килеми менен Баткен өрүгүнөн жасалган продукциялар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал эми маданият өкүлдөрү улуттук ыр бийлер менен иш-чаранын көркүн ачты.

Иш-чара Фергана өрөөнүндөгү маданияттардын айкалышкан жайы болгон Баткен жергесин, туризмдин борборуна айлантуу, “Мадыген” геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу максатын көздөйт.

Жайкы туристтик мезгилдин башталышын утурлай уюштурулуп жаткан эл аралык иш-чара, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Туризм департаменти биргеликте, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өткөрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: