super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев ТүркПАнын кеңешинин жыйынына катышты

 

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйын Шакиевдин демилгеси менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Андан соң Шакиев быйыл ТүркПАнын түзүлгөнүнө 15 жыл толгонун, бул жылдар аралыгында көптөгөн долбоорлор даярдалып, ишке ашырылганын жана боордош элдердин ынтымагын арттырган демилгелер мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ар дайым колдоого ээ болуп келгенин белгиледи.

Муну менен катар төрага глобалдык өзгөрүүлөрдүн алкагында алакаларды жаңы багытта өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

"Ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү” – деп кыргыз элинде айтылгандай, бүгүнкү шарттарда боордош элдердин ынтымагы тыгыз кызматташтык менен өнөктөштүктүн негизги пайдубалы экени анык. Андыктан, тарыхый байланышыбызга таянуу менен мындан ары да алакабызды арттыруубуз кажет. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу гана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды чыңдай алабыз", – деп кошумчалады төрага.

Ошондой эле ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Түркияга өтүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев Ассамблеянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: